• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку сот Салянованын «лицензия» боюнча ишин райондук сотко жөнөттү

23 Жалган куран 2021 18:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу мурдагы баш прокурор Аида Салянованын ишин кайра карап, мурдагы чечимдерди жокко чыгарды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, Жогорку Соттун чечимине ылайык иш эми Ленин райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Салянованын жактоочулары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылышкан. Сот чечимди бүгүн, 23-мартта чыгарган.

Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.

Кошумчалай кетсек, Салянова 2011-2015-жылы Башкы прокурор, 2010-жылы Юстиция министри болуп иштеген.

Количество просмотров: 217