Мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Аида Салянова өзүнүн сот иштерине чекит коюлуп, айрым эпизоддор боюнча акталганын, айрымдары «мөөнөтү өтүп кеткенине» байланыштуу жаза берилбегенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-апрелде Фейсбуктагы баракчасында түз эфирден маалымдап, колдоп келген тарапташтарына, адвокаттарына ыраазычылыгын билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн мени Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишине чекит коюп, аны күнөөсүз деп тапты.
«Актоо чечими чыкты. Тилекке каршы Азиз Батукаев боюнча актоо чечими чыккан жок. Сот ал ишти «мөөнөтү өтүп кеткендиктен» жаза чегерүүдөн баш тартты. Биз толугу менен актоону күтүп, болгон далилдерибизди келтиргенбиз. Алдыда дагы актыгымды далилдөөгө болгон күчүмдү жумшайм. Бул күндү мен тогуз жыл бою күтүп келгем», — деди Аида Салянова.
Аида Салянова 2016-жылы «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган. 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.