• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жаманбаева: Адамдардын көбү сот системасы менен укук коргоо органдарына арызданат

21 Бугу 202412:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Акыкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтун 2023-2028-жылдар аралыгында өнүктүрүү стратегиясы тууралуу маалымат берди.

Жыйын учурунда Жамиля Жаманбаева Омбудсмен институтуна адамдардын көбү сот системасы менен укук коргоо органдарына арызданып кайрыларын билдирди.

Акыйкатчынын айтымында, Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча 2023-жылдагы баяндамасында Акыйкатчы институтуна негизи калктын социалдык жактан корголбогон катмары – жумушсуздар, пенсионерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайрылат.

“Акыркы үч жылдын ичинде сот органдарына кайрылуулар жалпы кайрылуулардын 40-45% түзүп жатат. 2021-жылы бул көрсөткүч 41,3% болгон. 10,6% социалдык камсыздоо органдарына1,5% жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 1,2% саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелерине байланыштуу кайрылуулар”, — деди ал.

Количество просмотров: 86