• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Аида Салянова каза болгон иниси Уланды эскерди

7 Бугу 201911:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.

Экс-башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун көзү тирүү болгондо бүгүн 44 жашка толмок. Аида Салянова инисин эскерип Фейсбуктагы баракчасына жазды.

На данном изображении может находиться: 2 человека, ребенок

-Уланым… Бүгүн сенин туулган күнүң. Бул күндү дайыма чогуу өткөзчү элек. Бүгүн сен 44 кө чыкмаксың. Ошондой эле ал “Мээнетчил, калп айтып, ушак сүйлөгөн кишини жактырбаган, кенедейиңен күйүмдүү, тууганчыл элең. Мени билген киши болуп ушак таратып аткандарга туталанып, көпкө чейин бушайман болуп алаар элең.
Элең… деп жазып жатып азыр дагы ишене албайм…
Инимди аткан Осмонкулов тоноогонго үй издешпегенин, түз эле инимдин үйүно барышканын айткан. Өлтүрүүдөн бир ай мурун МАИ кызматкери токтотсо «мен своймун, Саляновага каршы корсөрсөтмө берип жүрөм» деп кылмыш уюштуруучусунун айтканына карабай, саясий заказ жөнүндө материалдардын бир канча жеринде айтылганына карабай, өлтүрүү каракчылык максатта болгон деп ишти сотко бурмалап өткөрүп жиберген Д.Абдыкаров. Азыр ал жылуу-жумшак кызматта отуруп аткандан кийин, буйрук берген киши табылаарына чоң күмөнүм бар.
Бирок, Кудайым бар. Буйрутма бергени дагы, бул ишти жөн гана каракчылык кылып сотко өткөзгөнү дагы оңбоорун билем. Анткени эч кимге зыяны жок, бейкүнөө кетти. Инимди коркутуу аркылуу мага таасир этебиз деп ойлогон айбандар, инимдин эр жүрөктүгүн, баласы үчүн өлүмгө бараар мүнөзүн эсепке алышкан эмес.
Азыр инимдин эки уулу үчүн Кудайымдан атасы көрбөй калган жакшылыктарды тилейм.
Сиздер дагы уулу Орозо айында аларга дуба кылып койсоңуздар!

Эске салсак, 2017-жылдын 6-ноябрга караган түнү болжол менен саат 2.30дарда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишкен.

Количество просмотров: 22