• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аида Салянова соттон акталса депутаттык мандатын кайра кайтарып алышы мүмкүн

8 Бугу 2018 18:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.05.2018.Govori.TV.
Аида Салянова соттон акталса депутаттык мандатын кайра кайтарып алышы мүмкүн. Бул тууралуу ал бүгүн билдирди.
“Юридикалык жактан мындай мүмкүнчүлүк бар” деди Салянова.
8-майда Жогорку Сотто экс-депутат Аида Салянованын иши каралды. Салянова «юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан» деп айып коюлган. Тергөө ишинде Салянованы айыптоого бир дагы далил табылган эмес. Андан сырткары Юстиция министрлигинин кызматкерлери, айыптоо тараптын күбөлөрү дагы Аида Салянованын иш аракетинде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес деп сот отурумунда айтып беришкен.
Бирок, ошого карабастан 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган. Муну Аида Салянова мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жеке өч алуусу жана тапшырмасы менен аткарылган иш деп так кесе айтып келет. Бүгүнкү сот отурумунда судьялар видео тартууга уруксат берди жана сот ачык өттү. Отурумдун аягында Салянова жакшылыкка үмүт кылып жатканын журналисттерге билдирди.

Мыйзамдарга ылайык ал жазаны үч жашар кызы 14 жашка толгондо өтөй турган болгон. Кийин бул өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Ошондон улам 2018-жылдын 3-мартында Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.
Количество просмотров: 37