• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Аида Салянова жүрөк кемтиги оорусуна байланыштуу ооруканада дарыланат

9 Үчтүн айы 2018 13:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова  билдирди.

Анын айтымында, Салянова жүрөк кемтиги оорусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасында дарыланат.

Бүгүн, 9-январда Салянованын соттук ишин кароо Бишкек шаардык сотунда уланмак. Адвокаттар соттолуучунун саламаттыгына байланыштуу отурумду жылдырууну өтүндү. Бирок судья Ирина Воронцова Салянованын оорусунан күмөн санап, аны түштөн кийин сотко мажбурлап алып келүү аракети болорун билдирди.

Эске салсак, Саляновага  2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылган.  Ал эми Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул ишти “саясий буюртма” деп эсептейт.

Количество просмотров: 8