• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аида Саляновага сот өкүмү чыгары күтүлүүдө

2 Бирдин айы 2018 18:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.02.2018.Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын иши боюнча Бишкек шаардык сотунда соттук жыйын уланууда. Отурумда Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова жарыш сөзүн сүйлөп жатат. Бүгүн соттун чечими чыгары күтүлүүдө.

Сот адвокат Чынара Жакупбекованын эмчектеги баласын эмизип келүүгө уруксат сураса жарым саатка гана уруксат берди.

Адвокат Чынара Жакупбекова ден соолугуна байланыштуу отурумга келе албагандыктан буга чейин Саляновага мамлекеттик жактоочу берилген эле. 1-февралдагы отурумда мамлекеттик жактоочу Саня Ахмаметова 12 томдук иш менен таанышып чыгууга судьядан убакыт сураган. Бирок судья Ирина Воронцова аны канааттандырган эмес. Буга Аида Салянова да нааразылык билдирип, 12 томду бир күндө окуп чыгуу мүмкүн эмес экенин айтып, сотко ишенбестик көрсөттү.

Аида Саляновага кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деп айыпталууда.

Количество просмотров: 8