• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Аида Салянованын иши Жогорку сотто карала баштады (түз эфир)

8 Бугу 2018 14:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.05.2018. Govori.TV.

Ушу тапта Жогорку сотто экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын соттук иши карала баштады. Ишти соттук коллегия карап жатат.

Айыпталуучунун адвокаттары соттон проектор менен видео көрсөтүүнү жана адамдардын көптүгүнө байланыштуу жыйынды башка залга которууну өтүнүштү. Сот алардын биринчи сунушун канааттандырып, экинчисин четке какты. Андан кийин прокурор айыпты угузуп, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранды.

Белгилей кетсек, 3-майда сот жараяны адвокат ооруп келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө калтырылган болчу.

Ага «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айыптын негизинде Аида Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган») айып тагылган. Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Бирок, мыйзамдарга ылайык ал жазаны үч жашар кызы 14 жашка толгондо өтөй турган болгон. Кийин бул өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Ошондон улам 2018-жылдын 3-мартында Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Жогорку сотто Аида Салянованын иши карала баштады https://www.azattyk.org/a/29214712.html

Опубликовано Kyrgyz Azattyk Unalgysy Вторник, 8 мая 2018 г.

Количество просмотров: 11