Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарындагы Ак үйдүн алдына мурунку башкы прокурор Аида Салянованын туугандары чогулду. Алар шаардык соттун чечимине нааразы.
Чогулгандар тергөөнүн кадамдарына түшүнбөй жатышканын айтып, бул иш боюнча кармалгандардын көбү үй камагына чыгып, Салянова гана камакта калтырылганын белгилешти.
Алардын бири учурда Салянова 8 дары ичип жатканын айтты.
Буга чейин Бишкек шаардык соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын өзгөрткөн эмес. Ал камакта калтырылды.
А.Салянова 4-июнга караган түнү Бишкек ШИИБге 48 саатка убактылуу киргизилген. Анын камалышы «мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу.