• Шаршемби 22 Жалган куран 2023
  • Среда 22 Март 2023

Ай-күнүнө жетип калган аялды сот 6 жылга кести. Окуянын-чоо жайы

2 февраля 2023 в 17:24 Бишкек Govori.TV

36 жаштагы Аида Исакова 6 баланын энеси, учурда 8 айлык боюнда бар. Ага “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Свердлов райондук соту 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Кош бойлуу айымдын жактоочулары райондук соттун чечимине каршы аппелияциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Адвокат Замир Жоошев окуянын чоо-жайына кененирээк токтолду.

Жараянга жабырлануучу тарап катышкан жок. Алар улгайган апасы ооруп жаткандыгына байланыштуу сотко өтүнүч келтирип, кат жолдошкон. Ал эми айыпталуучунун жактоочулары отурум улам жылдырылып жатканына нааразы болушту.

Исакованын улуу баласы 14 жашта болсо кичүүсү 3 жашта. Аларды учурда жолдошу жалгыз карап жаткан учур. Жактоочу сот кош бойлуу Исаковага карата жазанын башка түрүн тандаса болмоктугун айтат.

Жабырануучулар менен байланышууга мүмкүн болгон жок, Govori.TV экинчи тараптын пикирин укканга даяр.

Количество просмотров: 17122

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда