• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Айбек Жунушалиев мэрликке талапкерлигин койду

17 Баш оона 2021 18:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Айбек Жунушалиев мэрликке талапкерлигин койду. Маалыматты Govori.TVга Бишкек АШКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Айбек Жунушалиевдин документтери Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары каттоо үчүн аймактык шайлоо комиссиясына бүгүн, 17-августта келип түшкөн.

45 жаштагы Жунушалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 26-августта өтөт. Талапкерлер документтерин 18-август 18.00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшырышы керек.

Количество просмотров: 68