Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев убактылуу ачылган батыш жана чыгыш автовокзалдарынын аймагындагы шарттар менен таанышып, айдоочулар менен жолукту.
Ошондой эле мэр жаңы автовокзалдын курулушу качан бүтөөрүн айтты.
“Май айынан бери айдоочулар менен сүйлөшүүлөр жүргөн болчу. Ошондо баарын Чыгыш автобекетине жайгаштырабыз деген сөз болгон. Бирок биз айланма жолдогу тыгынды жана айдоочулардын талабын эске алып, ушул жерди сунуштаганбыз”, — деди мэр.