• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шарт түзүп туруп анан вокзалды көчүрсө болбойт беле? Мэрдин жообу…

15 Жетинин айы 202413:36 Бишкек Govori.TV

23-октябрдан тарта батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, бекет башка аймакка көчүрүлгөн. Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунун райондоруна кетчү таксисттер Алма-Ата көчөсүндө, ал эми Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына кетчү таксилер Кожомкул айылындагы убактылуу вокзал катары бөлүнгөн жерден кетишүүдө.

Убактылуу вокзалда жүргүнчүлөр үчүн таптакыр шарт жок экени айтылып нааразычылык жаралган. Ал эми Бишкек мэри болсо жаңы автовокзал курулат деп билдирген.

Бул маселе боюнча айрым ЖК депутаттары да терс пикирлерин билдирип, жаңы автобекет курулуп бүткүчө эскиден көчүрбөй туруу керек болчу деген сөздөрүн айтышкан.

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге убактылуу жасалган автобекетте шарттар бир жуманын ичинде толук түзүлүп бүтөөрүн айтты.

Бишкек мэри ишин токтоткон батыш автобекети эмне болот деген суроого да жооп берип, учурда ал жерде тазалоо иштери жүрүп атканын, бир нече инвестициялык долбоорлор каралып жатканын билдирди.

Количество просмотров: 471