• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Айчүрөк» соода борборунда чыккан өрт өчүрүлдү

10 Баш оона 202013:33 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунда  чыккан өрт өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ЦУМ-2 соода борборунда өрт чыкканы тууралуу маалымат болжол менен саат 11:00до түшкөн. Ал эми 11:30да өрт толугу менен өчүрүлгөн.

«Имараттын ичинде таштанды күйгөнү аныкталды. Өрттөн жабыр тарткандар, жаракат алгандар болгон жок»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда «Айчүрөк» дүкөнүнүн имаратынын жогорку кабатынан көк түтүн чыгып, өрттөнүп жатканы тартылган видеолор тараган болчу.

Количество просмотров: 312