• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«Айчүрөк» соода борборунда кардарды өлтүргөнгө чейин сабаган сатуучу камакка алынды

30 Баш оона 201811:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2018.Govori.TV. 

ЦУМда кишини сабап салды деген 25 жаштагы Б.у.Т. аттуу жаран ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кармалганын милициядан билдиришти.
Эске салсак, 28-августь күнү соода борбордун мобилдик телефон саткан жер төлөөсүндө 42 жаштагы киши набыт болгон. Анын денесинен көк ала тактар аныкталып, экспертизага жөнөтүлгөн.
Тасмада сатуучу кардарынын жанына келип, бир нече жолу муштаганы көрүнөт. Кардар ошол замат жерге жыгылган.

https://www.youtube.com/watch?v=rswC7Y-Pa4Y

Ал эми маркум 1973-жылы туулган З.С. аттуу киши экени белгилүү болгон.
Учурда шектүү жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат деп билдиришти милициядан.
Бул окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин денеге атайылап залал келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Количество просмотров: 17