Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Фархат Иминов Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевдин анын дарегине айтылган айыптоосун четке какты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирген.
«Мамлекеттик жогорку трибуна аныктыгы мыйзам чегинде текшерилбеген маалыматты таратуучу аянтчага айландырылбашы керек деп эсептейм. Кайсы бир кызыкдар тараптар мени жаманатты кылуу жана ишкердик беделиме доо кетирүү максатында депутат Нурбек Сыдыгалиевди адаштырган болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайм», — деди Фархат Иминов.
Бүгүн ЖК жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев Инвестиция боюнча улуттук агентиктин мурдагы башчысын пара талап кылууга айыптаган.