• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айдарбеков: Кыргыз-кытай чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттер толук кандуу иштөөдө

14 Аяк оона 2020 9:15 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекети 8-сентябрдан тарта толук кандуу иштеп баштады. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен болгон жолугушуудан кийин КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И расмий сапар менен келген.

«Бүгүнкү күнү Кытай менен болгон чек арадагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттер иштеп жатат», — деди ал.

Айдарбеков Кытайдын тышкы иштер министри коронавирус чыккандан кийин Кыргызстанга алгач ирет келип жатканын билдирди.

«Бул нерсе биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Кыргызстан Кытайдын ынак коңшусу, ишенимдүү досу жана өнөктөшү болуп саналат», — деди ал.

Белгилей кетсек, кыргыз-кытай чек арасында «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекеттери иштейт.

Количество просмотров: 93