• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Айдарбеков төрагалыктан алынуусу тууралуу айтты

20 Тогуздун айы 2022 17:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан чакыртып алды. Аны кызматтан алууга 42 депутат макул болсо, 17си каршы добуш беришти.

Ал эми Айдарбеков төрагалыктан алынуусу тууралуу төмөндөгүдөй комментарий берди.

Эске салсак, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон. Комитет төрагасы Айдарбеков келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин айтып, муну тиешелүү документтерди көрбөгөнү менен түшүндүргөн.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын айткан.

Количество просмотров: 216