• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бекназаров: Ташиев «Кемпир-Абад» ишин кошпой эле койсо болмок…

29 Чын куран 202618:56 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук кызматынын экс-башчысы Камчыбек Ташиев ага карата кылмыш иш козголгондугу жана «Кемпир-Абад» иши боюнча соттоолгондор деле акталган деп айтканы коомчулукта талкуу жаратты.

Азимбек Бекназаровдун уулу, коомдук ишмер Руслан Бекназaров билдирүүнү сынга алды. Анын пикиринде, Ташиев бул ишти кайрылуусунда атабашы керек.

«Камчыбек Кыдыршаевич бүгүнкү кайрылуусунда «Кемпир-Абадчыларды» кошпой эле койсо болмок экен. Бул кайрылуусунда өзү кызматтан кеткен соң гана, президент Садыр Жапаров адилеттүүлүктү орнотуп, «Кемпир-Абадчылар» акталганын моюнга алып жатат. «Кемпир-Абадчылар» акталды деп жыйынтыгын айтыш оңой болгону менен, 3 жыл СИЗОдо, 2 жыл сотко жумасына 3 жолу каттоо, ошол убакта көргөн зулумдуктары, түйшүктөрүнө ким жооп берет?! Камчыбек Кыдыршаевичтин бүгүнкү кайрылуусуна маани берсек, жоопкерчилик «генералдык» моюнуна жүктөлөт», — дейт Бекназаров.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев бүгүн ага карата козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү жасады.

«Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «Кемпир-Абадчылар» да акталышты. Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм. Мен үчүн кыжаалат да, кабатыр да болбоңуздар. Ар бириңиздерге чоң рахматымды айтамын, ыраазычылык билдирем. Буюрса, баары жакшы болот», — деди Ташиев.

Количество просмотров: 843