• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Айдарбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

13 Жетинин айы 2018 19:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 13-ноябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыратты кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Анда Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин 4-отурумунда түзүлгөн келишимдерин аткаруу каралды.
Ошондой эле экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу маселеси көтөрүлдү. Аны менен катар көп тармактуу кызматташуу боюнча пикир алмашуу жүрүп, эл аралык уюмдар менен иш алып баруу маселеси да козголду.
Количество просмотров: 34