• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айдоочу инспекторду капотуна сүйрөп кетти (видео)

18 Жетинин айы 2021 15:02 Бишкек Govori.TV

Бишкекте такси кызматынын айдоочусу Патрулдук милициянын кызматкерин унаанын капотуна сүйрөп кеткен видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн Горький менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында болгон.

Патрулдук милиция болгон окуя боюнча маалымат тартты. Маалыматта айтылгандай, бүгүн, саат болжол менен 11:30 чамасында Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган “Hyundai Sonata” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бирок айдоочусу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей каршылык көрсөткөнгө аракет кылган. Азыркы учурда айдоочу кызматкерлер тарабынан Октябрь райондук ИИБна жеткирилген.

Количество просмотров: 3699