Бишкектин Жогорку Орок айылында жол кырсыгы катталып, өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришкен.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-сентябрда саат 13:00дөр чамасында айдоочу 13 жаштагы мектеп окуучусун сүзүп кеткен. Айдоочу мас абалында болгонун күбөлөр билдиришкен.
Ал эми Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы окуя тууралуу маалымат берип, окуя катталып, алдын ала иликтөө иштери башталганын билдирди.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, айдоочу кармалып, Бишкек шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Унаа айып жайга киргизилип, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Тергөө иштери уланууда.