• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Айдоочу уктап кетип, Бишкекте эки унаа сүзүштү

26 Теке 2019 13:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарындагы Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүштү. Бул маалыматты Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 26-июлда болжол менен саат 7:50 чамасында катталып, Хонда Фит үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, кырсык түндүктөн түштүктү көздөй келе жаткан унаанын айдоочусу уктап кеткенин улам келип чыккан. 

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулган.

Количество просмотров: 14