• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Айдоочу жөө өтмөктөн пенсионерди өлтүрө сүзүп кетти

5 Аяк оона 2022 15:49 Бишкек Govori.TV

Кеминде жөө өтмөктөн пенсионерди өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү саат 11:00дөр чамасында “Мерседес Бенц” унаасынын 31 жаштагы Т.Ж. аттуу айдоочусу 76 жаштагы А.Т. аттуу адамды сүзүп кеткен.

«Жүргүнчү окуя болгон учурда жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан. А.Т. жеринде каза болгон. Айдоочу кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-пункту боюнча кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 2337