• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айдоочулардын эсине! Боомдо таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

29 Тогуздун айы 202112:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 1-5-ноябрда таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Таш түшүрүү иштери Боом капчыгайынын 132-чакырымында болот. Буга байланыштуу күндүзгү саат 09.00дөн 15.00гө чейин жол маал-маалы менен жабылып турат.

Жолду тазалоо учурунда унаалардын саны 30-40ка чейин топтолуп калса, жол ачылып өтүүсүнө уруксат берилет.

Количество просмотров: 267