Айдоочулардын эсине! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Айдоочулардын эсине! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн
31 Үчтүн айы 2024 10:34 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда ошондой эле төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),
Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында,
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.