• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боомдо жол маал-маалы менен жабылып турат

9 Чын куран 202415:19 Бишкек Govori.TV

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 15-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3886-чакырымы) жүргүзүлмөкчү.

Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.

Ишкананын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындай иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 166