• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Айдоочуларга эскертүү! Кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

29 Чын куран 202412:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-апрелде күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Бишкек-Ош унаа жолунун 207-224 чакырымында (Ала-Бел ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 116