• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Айдоочуларга эскертүү! Кар көчкү түшүүсү күтүлөт

26 Жалган куран 2024 11:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 25-28-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Кар көчкү түшүүсү күтүлүп жаткан унаа жолдор:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырым аралыгы (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 198-260-чакырым аралыгы (Чычкан капчыгайы);
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 63-113-чакырым аралыгы;
  • Кызыл-Бел-Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырым аралыгы.

Количество просмотров: 65