• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Айдоочуларга эскертүү! Кар көчкү түшүүсү мүмкүн

20 Жалган куран 2024 13:29 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Алар :

  • Бишкек – Ош унаа жолунун
  • 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
  • 198-260-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун
  • 55-115 чакырымы;
  • Ала-Бука – Каныш – Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымы Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымындары.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

«Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз «112» кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.

Количество просмотров: 88