• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Айдоочуларга эскертүү. Жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт

5 Чын куран 202412:57 Бишкек Govori.TV

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен 8-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Алар:
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;
Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 112