• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Айдоочулук күбөлүк берүү мекемесинин мурдагы башчысынын иши шаардык сот 14-майда карайт

7 Бугу 201910:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.

2018-жылдын 2-ноябрында кармалган, автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 12,5 жылга соттолгон.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту өткөн айда чыгарган өкүмдү эми адвокаттын апелляциялык арызынын негизинде шаардык сот 14-майда карай турганын мекеменин басма сөз кызматы Govori.TV агенттигине тактады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирген.


Количество просмотров: 13