Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк үчүн сынактардын жүрүшүн онлайн режимде байкап турууга болот.
“Учурда онлайн көрсөтүү пилоттук негизде Бишкек жана Ош шаарларындагы эки аймактык бөлүмдө иштеп жатат. Мындай чечим айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, ачыктыкты пайда кылуу үчүн кабыл алынды”, — деп жазылган маалыматта.