Минкаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Кытай Эл Республикасынын коммерция министринин орун басары жана Кытайдын эл аралык соода сүйлөшүүлөрү боюнча төрагасынын орун басары Лин Цзи жетекчилик кылган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны болуп өттү.
Анда сөз сүйлөгөн Эрлист Акунбеков кыргыз-кытай өкмөттөр аралык жыйыны Бишкекте боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана Кытайдын жетекчилигинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында өтүп жатышынын маанилүүлүгүн айтты. Ал бүгүнкү жыйын позицияларды теңдөөнүн, келечектеги аракеттерди координациялоонун жана эки отурумдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди ыкчам чечүүнүн негизги механизми катары кызмат кыла турганын билдирди.
«Мамлекет башчыларыбыздын саясий эрки жана жеке колдоосунун аркасында «Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан» темир жолу сыяктуу ири долбоорлордун курулушун баштадык. Үчүнчү «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктун ачып, Барскоон-Бедел-Үчтурфан-Аксуу автожолунун курулушун баштадык. Соода-экономикалык кызматташтыгыбыз жигердүү өнүгүүдө. Ал эми бүгүнкү жолугушуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жаңы дем берет деп ишенем», — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Өз кезегинде Кытайдын коммерция министринин орун басары Лин Цзи түрдүү чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө кытай тарап кызыкдар экенин айтты. Ал бул жолку жыйында көтөрүлгөн маселелер жана жетишилген макулдашуулар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө жаңы дем берерине ишенгенин билдирди.
Отурумдун күн тартибинде соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук-логистикалык байланыштарды, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, каржы жана башка негизги тармактардагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча маселелер каралып, бул жаатта эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун өкүлдөрү баяндама жасашты.
Жыйындын соңунда тиешелүү протоколго кол коюлду.