Бишкек. 22.09.2018.Govori.TV.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 1-январына чейин окуп, бирок 2018-жылдын 1-октябрына чейин экзамен тапшырбаган кыргызстандыктар кайрадан окууга милдеттендирилет. Окугандыгы тууралуу берилген күбөлүктүн мөөнөтү алты айды түзөт. Жарандар ушул убакыттын аралыгында тийиштүү органдарга барып экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүгүн алып калышы зарыл.
Эгер алты айдан кечигип калса, кайра башынан автомектепке барып окуш керек.