“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Айгүл Мамажунусова.
Ош облусунун Кеңеш айыл өумөтүнөн келген Айгүл айым жергиликтүү кеңеште депутат. 5 баланын апасы. Буга чейин өз айылында таза суу маселесин чечүүгө салым кошкон.
«Алдыдагы эң башкы максаттарымдын бири айылымды өнүктүрүү. Элетте ресурс көп, ишканаларды ачуу менен инвесторлорду алып келишибиз керек»,-деди Мамажунусова.