• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өз багытын таап, башкаларга жол көрсөткөн «Кыйындын» катышуучулары

28 Үчтүн айы 202614:57 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жети дубанынан келген 300гө чукул  айымдар “Кыйын” долбоорунун тренингине катышуу менен өзүлөрүнүн лидерлик сапаттарын арттырып,  тажрыйбасын арбытып жана заман талабына жараша жаңы билимдерди алышты.

Айымдар алган билимин өз ишинде колдонуу менен дагы да арбын жетишкендиктерге жетишип келет.

Алардын бири Нарын облусундагы дестинациянын өкүлү Гулира Кенжекараева “Кыйын” долбоору өзү каалаган тармакта толук кандуу иш алып баруусуна, багытын так тандап алууга түркү бергенин айтат.

Гулира айым “Кыйындан” кийин социалдык тармактарда да активдүулүгүн күчөтүп, тынчсыздануусун жараткан көйгөйлүү маселелерди коомго көтөрүп чыгуу менен алек болуп жатканын кошумчалап өттү.

 “Кыйын” айымдардын саясий дараметин гана калыптандырууга багытталбастан, коомдогу ролун арттыруу, өзүнө болгон ишенимин күчөтүү багытында да иш алып барат.

Долбоордун дагы бир катышуучусу  «КыргызТехноВумен» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Айпери Касымбекова бул өңдүү долбоорлор колдоого муктаж айымдарга жол көрсөтүүчү боло аларын белгилейт.

6 жылдан бери уюштурулуп келген 3 күндүн окутуу тренингдеринен аймактардан келген айымдарга маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, медиа менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, жасалма интеллектти өз брендин өстүрүүдө колдонуу, заман талабы болгон блогерлик тармагы жѳнүндѳ окуулар өтүлүп келет. Тренингге жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, дарыгер, жарандык активист, жеке ишкер жана башка өз тармагынын мыктылары катышып келет.

Количество просмотров: 514