• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Айка” тасмасында мигрант кыздын ролун аткарган актриса «Азия оскарынын» сыйлыгын алды

18 Жалган куран 2019 15:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.

Кыргызстандык мигрант кыздын ролун аткарган Казакстандык актриса Самал Еслямова «Азия оскарынын» сыйлыгын алды. Бул тууралуу Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Сыйлыкты тапшыруу аземи кечээ Гонконгдо өткөн. Еслямовада «Мыкты актриса» номинациясында сыйлык ыйгарылган. Ал казак режиссёру Сергей Дворцевойдун кыргызстандык мигрант тууралуу тарткан “Айка” тасмасында башкы каармандын ролун аткарган.

Эске сала кетсек, талапкерлер 11-январда аныкталган.

“Айка” тасмасы Москвада мыйзамсыз иштеген кыргызстандык жаш эмигрант кыздын жашоосун баяндайт. Өзү каалабай боюна бүтүп калган соң ал баласын төрөт үйүнө таштап коёт. Убакыттын өтүшү менен энелик сезимдер ойгонуп, Айка баласын издеп баштайт.

Количество просмотров: 4