• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги мамлекетке 7 млн сом зыян келтиргени аныкталды

14 Үчтүн айы 202115:56 Бишкек Govori.TV

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги бюджетке 7 миллион 290 миң 366 сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган агентиктин 2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыктагы ишмердигине аудит жүргүзүлгөн. Натыйжада агенттиктин жооптуу кызмат адамдары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузганы, дары өсүмдүктөрдү жыйноого жеке жана юридикалык тараптарга уруксат берүүдө акыларды мыйзамга ылайык өндүрбөгөнү жана башка кемчиликтер аныкталган.

«Кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 млн 290 миң 366 сом зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты 4-январда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 77