Чүй облусунда түндүк айланма жолу менен Бишкек-Кант жолун байланыштырган унаа жолго асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматыбилдирди.
Жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы тарабынан аткарылды.
Жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн бул жолго 7 см калыңдыктагы асфальт катмары төшөлүп, анын астына геосетка коюлду. Ошондой эле, жол сызыктары чийилип, унаа кыймылына уруксат берилди.
Белгилей кетсек, аталган жол Бишкек шаарынын кире беришинде жайгашып, түндүк айланма жолу менен Бишкек-Кант жолун байланыштырат (Лебединовка-ГЭС 5 жолуна параллелдүү турат).