• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Айланма жолдо кырсык катталып, айдоочу каза болду

30 Үчтүн айы 2024 9:14 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги айланма жолдо кырсык катталып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-январда кечки саат 19:25тер чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда 1995-жылы туулган Ж.А.Ж. аттуу айдоочу «Тойта-Приус» унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып рулга ээ боло албай батыштан чыгышты көздөй келе жаткан оор жүк ташуучу «Ситрак» унаасын сүзгөн. Анын айдоочусу Кытай жараны 1982-жылы туулган А.Л. болгон.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу 29 жаштагы Ж.А. окуя болгон жерде каза болуп, анын эки жүргүнчусү ар кандай жараат менен Кант шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 195