Айланма жолдо жеңил унаа өтүп бара жаткан койлорду тебелеп кетти. Бул тууралуу видео социалдык тармакка тарады. Окуя Токмокко жакын жерде тартылганы айтылууда.
Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, унаанын айдоочусу менен чабан арыз жазышкан эмес.