• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ала-Тоо» породасындагы кыргыз койлорунун эл аралык көргөзмөсү өттү

8 Аяк оона 202511:56 Бишкек Govori.TV

7-сентябрда Ош облусунда “Ала-Тоо” жаңы породасындагы кыргыз койлорунун эл аралык көргөзмөсү болуп өттү.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандан келген коноктор жана Кыргызстандын жети облусунан келген фермерлер катышты.

Көргөзмөдө «Ала-Тоо» породасындагы койлордун мелдеши өтүп, анын мыктылары баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, түштүк аймакта өстүрүлгөн эт-май багытындагы «Ала-Тоо» породасы кыргыз койлорун гисар кочкорлору менен аргындаштыруудан алынган.

Количество просмотров: 137