• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ала-Тоо» породасындагы койлордун эл аралык көргөзмөсү өтөт

4 Аяк оона 20259:03 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда «Ала-Тоо» породасындагы койлордун эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык кой көргөзмөсү Төлөйкөн ат майданында 7-сентябрда уюштурулат.

«Ала-Тоо» породасын өстүрүү ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлүп жаткан көргөзмө “Ала-Тоо” породасын эл арасына жайылтуу жана экономикалык жактан пайдалуу мал чарбачылыкты өнүктүрүү максатын көздөйт.

Көргөзмөгө Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстандан келген өкүлдөр катышат. Ошондой эле «Ала-Тоо» породасындагы койлорду баккан бардык фермерлер катыша алышат.

Иш-чаранын жалпы байгеси 3 млн сом.

Количество просмотров: 140