• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Аймактарды өнүктүрүү жылы”,-деген ураан гана болду

13 Жетинин айы 2018 17:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.11.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы”,-деп атаган. Ал эми бул жылдын аякташына 2 гана ай калды. Жакынкы аралыкта бул жыл да жыйынтыкталат.
Бул тууралуу региондорду өнүктүрүүдө өлкөдө кандай иш-чаралар аткарылганы тууралуу депутат Исхак Масалиев төмөнкүлөргө токтолду.
“Аймактарды өнүктүрүү жылы”,-деп жарыялаганы менен керектүү деңгээлде каражат жок болгондуктан, биз көптөгөн максаттарга жете алган жокпуз. Көбүрөөк жеке менчик инвистиция аркылуу завод, ишканалар ачылып жатат. Бул жакшы. Бирок, эң негизги региондордун өнүккөнү миграцияны азайтуу болушу керек эле. Менин билишим боюнча миграция азайган эмес. Миграциянын санынынын өсүүсүнүн себеби биздин өлкөдө жумушчу орундун жетишпестиги болуп саналат. Ошондуктан чын эле, райондорго, аймактарга көңүл буруп, каражат бөлүп туруп, ишканаларды ачсак, ошол жердеги тургундар жумуш менен камсыз болот эле.
“Жалпысынан алганда “Аймактарды өнүктүрөбүз”,-деген  жөн эле ураан болуп калды. Өкмөт тарабынан аракеттер көп болуш керек эле. Мен эч кандай аракеттерди көргөн жокмун”,-деп кошумчалады эл өкүлү.

Количество просмотров: 36