• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Эмгек сиңирген энергетик Ильяс Давыдов каза болду

4 Жалган куран 2023 18:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын энергетика тармагы оор жана орду толгус жоготууга учурады. 2023-жылдын 4-мартында 82 жаш курагында Эмгек сиңирген энергетик, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Давыдов Ильяс Абдуллович каза болду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

И.А. Давыдов менен коштошуу зыйнаты эртең 5-мартта, саат 10:00дө КР Энергетика министрлигинин имаратынын жанында өтөт.

Govori TV нын жамааты Давыдов Ильяс Абдуловичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 148