• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Эл артисти Асанкул Осмонов акка моюн сунду

26 Жалган куран 2023 22:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-мартта Кыргыз Републикасынын Эл артисти, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына өмүрүн арнаган залкар талант Асанкул Осмонов акка моюн сунду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Асанкул Осмонов Нарын областынын Миң-Булак айылында 1935-жылы туулган. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин, Пржевальск шаарындагы айыл чарба техникумуна кирип аны 1954-жылы аяктаган. 1977-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасы менен сыйланган.

1958-жылы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына келип, бүткүн өмүрүн кыргыз театр искусствосуна арнаган. Анын, Ж.Садыковдун калемине таандык «Манастын уулу Семетей» спектаклиндеги Бакайы, «Ормон хан» спектаклиндеги Калыгул олуясы, «Айкөл Манас» спектаклиндеги Кошойу, «Сейтек» спектаклиндеги Семетейи, «Өмүр жана өкүнүч» спектаклиндеги генерал Скобелеви, Т.Касымбеков, К.Сактановдун калемине таандык «Курманжан датка» спектаклиндеги Алымбек даткасы, Ш.Садыбакасовдун калемине таандык “Ак боз ат” спектаклиндеги Жаныбек ханы, К.Иманалиевдин калемине таандык «Атаке баатыр» спектаклиндеги Князь Вяземскийи, У.Шекспирдин калемине таандык «Король Лир» спектаклиндеги Француз королу көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун ала алды.

Асанкул Осмонов кыргыз кино искусствосуна да өз салымын кошуп кетти. Атай кетсек, М.Убукеевдин “Манас ааламы” фильминде Жакыптын, Т.Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” фильминде комунисттин жана башка ондогон тасмаларда элдин эсинен кеткис образдарды жараткан.

Театр искусствосуна сиңирген эмгеги үчүн 1991-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамына татыктуу болгон.

Govori.TV нын жамааты жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 110