• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Актер Азиз Мурадиллаев каза болду

17 Бештин айы 2022 19:40 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев каза болду. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова социалдык баракчасына жазды.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ассоль Молдокматова актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин айтып, ал үчүн 45 миң АКШ доллары сарптала тургандыгын маалымдаган.

Актерго жардам берүү максатында башталган атайын акциянын алкагында бир күндө 3 миң 270 доллар чогулган. Дарыланууга жетпей жаткан 42 миң долларды 4-декабрда президент Садыр Жапаров которогон.

Актерго кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган.

Мурадиллаев 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Учурда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеп жаткан.

«Govori.TV» нын жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Количество просмотров: 1024