Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.
Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынан Айтмамат Назаровдун ордуна депутат болуп Айнура Аскаровага мандат кийинки жумада берилиши мүмкүн.
Бүгүн Айтмамат Назаров «Улуттук энергохолдинг» компаниясына жетекчи болуп дайындалгандыгына байланыштуу мандатын тапшыраарын жар салган.
Айтмамат Назаров Жогорку Кеӊешке «Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп шайланып келген. Ал эми Айнура Аскарова «Замандаш» журналынын редактору болгону белгилүү.