• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Айнуру Алтыбаева: Референдум менен шайлоону бирге өткөрүү сунушу туура

3 Жалган куран 202119:01 Бишкек Govori.TV

Референдум менен шайлоону бирге өткөрүү сунушу туура. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди.

«Бүгүн референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун карадык. Жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелге белгиленген. Бюджеттин чектелүү экендигин эске алып, референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоосун бирге өткөрүү сунушу туура. Бирок жаңы Баш мыйзам боюнча көптөгөн сын-пикирлер айтылып жатат. Биз өз сунуштарыбызды бердик «, — деди Алтыбаева.

Кошумчалай кетсек, Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 28 шаарда жана 420 айылдык кеңеште болот. 

Количество просмотров: 146